21-ноябрда президент Трамп «Твиттердеги» баракчасына «Иран режими Интернетти өчүрүп, Иранда туруксуздук күч алганын, бийлик себеп болуп жаткан трагедия менен өлүм тууралуу дүйнө билбейт деп ойлоп жатат» деп жазды.
Ирандын бийлиги ушул күнү Тегеранда жана айрым провинцияларда Интернетти калыбына келтирди. Ислам революциясын сакчылар корпусу өлкөдө бир нече күндүк баш аламандыктардан кийин, кайра туруктуулук орногонун маалымдады. Корпустун 21-ноябрдагы билдирүүсүндө «ээнбаштардын лидерлери камалышы кырдаалдын тынчышына чоң салым кошту» деп айтылды.
Жарым-жартылай расмий «Fars» агенттиги «Интернет жалпы өлкөдө аз-аздан жанданып жатканын» жазды. Дүйнө жүзүндөгү интернетке көз салган эл аралык «NetBlocks» уюму бул маалыматты тастыктады.