Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Ажырашкандардын жана мигранттардын балдарынын паспорт алуу маселеси айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ата-энеси ажырашкан же сыртта жүргөн улан-кыздардын паспорт алуу маселесине өкмөт көңүл бурушу керек. Мындай сунушун парламенттин жалпы жыйынында депутат Табылды Тиллаев билдирди.

Депутаттын айтымында, ата-энеси жанында жок балдар жашы жеткенде паспорт ала албай жатышат, себеби документ толтурганда атасынын же апасынын колу керек.

Парламент мүчөсү билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстанда 10 434 үй-бүлө ажырашууга арыз берген, бирок чынында бул сан 50 миңдин тегерегинде болушу ыктымал.

Жалпы жарандык паспорт Кыргызстанда 16 жашка чыкканда берилет.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. (RK)

XS
SM
MD
LG