Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Мамдепартамент: АКШ Иран элинин мүдөөсүн колдойт


АКШ Ирандагы "коррупциялашкан режимге" каршы нааразылык акцияларына чыгып жаткан элдин мүдөөсүн кубаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус 16-ноябрда "Твиттерге" жазды.

"АКШ коррупциялашкан бийлик режимине каршылыгын билдирип жаткан Иран элин кубаттайт. Биз Иран бийлигинин интернетти өчүрүү аракетин сындайбыз" деп жазды.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттердеги" баракчасына "Мен бир жарым жыл мурда Иран элине айткандай эле, Америка сиздер менен!" деп жазды.

Дүйнө жүзүндөгү интернеттин абалын иликтөөчү "NetBlocks" уюму Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдады.

Ирандын ички иштер министри Абдулреза Рахмани Фазли мамлекеттик телевидение аркылуу чыгып сүйлөп, митингдер коомдук мүлккө зыяны тийчү болсо, күч органдары чара көрөрүн билдирди.

Иранда элдин нааразылыгы өкмөттүн мунайдын баасын кымбаттатуу жана күйүүчү майды сатууга чектөө киргизүү тууралуу чечиминен кийин күч алган. Эл бир нече шаарларда көчөгө чыгышкан. Сиржан шаарында митингчилер мунай заводун өрттөөгө аракет кылып, бирок күч кызматтары буга жол берген эмес. Натыйжада митингчилерден бир киши каза таап, бир нече адам жаракат алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG