Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Жээнбеков: шайлоодо административдик ресурска бөгөт коюш керек


Президент Сооронбай Жээнбеков 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары - демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференцияда ушундай пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Президент БШКнын кызматкерлерин мааракеси менен куттуктап, эгемендик жылдары шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары зор тажрыйба топтогонун белгиледи. Мамлекет башчы акыркы жылдары өткөн шайлоолордо жаңы технологиялар добуш берүүдөгү бурмалоону толук жойду деп эсептейт.

Жээнбеков азыркы убакта шайлоо системасы өнүгүүнүн жаңы этабына келгенин айтып, 2018-жылы кабыл алынган шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясында шайлоо жол-жоболоруна жогорку стандарттар коюлганын билдирди. Ал саясий маданиятты көтөрүү, эркин шайлоонун механизмдерин чыңдоо, санарип технологияларды киргизүү каралганын белгиледи.

- Шайлоонун жүрүшүнө мыйзамсыз кийлигишүүгө, анын ичинде шайлоочуларды сатып алууга же административдик ресурс колдонууга катуу бөгөт коюлушу керек. Элдин ишеними болгондо гана шайлоо системасы натыйжалуу болот, - деди Жээнбеков.

2020-жылы өтө турган Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын шайлоого 828 млн. сом каралган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында, өлкө бюджетин талкуулап жаткан учурда билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG