Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Түркияда Чокморов менен Турсунбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү


Кечедеги сахнанын жасалгасы. Анкара шаары. 7-ноябрь, 2019-жыл.
Кечедеги сахнанын жасалгасы. Анкара шаары. 7-ноябрь, 2019-жыл.

7-ноябрда Түркиянын борбору Анкара шаарында Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыгына арналган кече уюштурулду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган кечеде Кыргызстандан келген коноктор катышуучуларга эки залкардын өмүр баянын жана чыгармачылыгын айтып беришти.

Анкара искусство университетинин жалпы жамааты катышкан бул маданий кечеге жергиликтүү студенттер чоң кызыгуу менен катышты.

Кече Төлөмүш Океевдин эки талант тартылган «Кызыл алма» тасмасын көрсөтүү менен аяктады.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялап Түркиянын булуң-бурчунда Кыргызстандын жана залкар жазуучунун чыгармачылыгы таанытылган. Ал эми Ош шаары быйыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк дүйнөсүнүн мааний борбору деп жарыяланган. (ElB)

XS
SM
MD
LG