Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Италиялык жазуучунун кыз ала качуу жөнүндө китеби кыргызча чыкты


Италиялык жазуучу, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы балдарды коргоо боюнча координатору Лучио Валерио Сарандреанын Кыргызстандагы кыз-келиндерди укугу, ала качуу жана анын кесепеттерине байланыштуу жазган романы кыргыз тилинде жарык көрдү.

«Luna – Айсулуунун баяны» аттуу китеп алгач 2018-жылы италиянча чыккан. Аны кыргыз тилине «Азаттык» радиосунун кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева которду.

Романдагы баш каарман Айсулуу – Италияда жашаган кыргызстандык мигранттардын 17 жаштагы өспүрүм кызы. Ал спорт менен машыгып, эл аралык турнирлерге катышып жүрөт. Жайкы каникулда Кыргызстанга эс алууга келгенде аны ала качып кетишет. Чыгармада Айсулуунун башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлөт. Сарандреа бул чыгармасы менен өлкөдөгү жаштардын ала качууга болгон көз карашын өзгөртүүнү көздөгөн.

Кыргыз коомчулугунда кыздарды үй-бүлө куруу максатында ала качып үйлөнүүгө мыйзамда тыюу салынган. Ага карабай, мындай окуялар толук токтой элек.

XS
SM
MD
LG