Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Москвада Осмонакун Ибраимовдун «Усубалиев» аттуу китеби жарык көрдү


Осмонакун Ибраимовдун «Усубалиев» аттуу китеби.
Осмонакун Ибраимовдун «Усубалиев» аттуу китеби.

Москвада профессор Осмонакун Ибраимовдун «Усубалиев» деген аталыштагы китеби жарык көрдү.

«Молодая гвардия» басмасынан орус тилинде 240 бет болуп чыккан китептин нускасы 4000 даана.

«Усубалиев» атактуу кыргыз саясатчысынын быйылкы 100 жылдык мааракесине арналып жазылды. Анын кыргызча котормосун Кыргызпатент мамлекеттик кызматы даярдап, 30-октябрда Улуттук консерваторияда бет ачарын уюштурганы жатат.

Автордун айтуусунда, бул эмгек анын Москвада чыккан үчүнчү (биринчиси «Испытание историей» деген ат менен 2008-жылы «Международные отношения» басмасынан жарык көргөн) эмгеги.

Ал эми «Жизнь замачетальных людей» сериясынан чыккан экинчи китеби болуп калды.

2018-жылы ушул эле сериядан «Чыңгыз Айтматов» китеби жарык көргөн.

Эгер Айтматов тууралуу китеп-биография бул серияда кыргыз атуулу жөнүндө жазылган эң биринчи китеп болсо, Кыргызстанга 25 жыл жетекчилик кылган Турдакун Усубалиев жөнүндөгү чыгарма экинчиси.

Айтматов тууралуу китеп түрк тилинде Анкарадан былтыр чыкса, быйыл украин тилине которулуп, бет ачары 18-октябрда котормочулардын эл аралык фестивалында Киев шаарында болуп өттү. Ошол эле китеп жакында азербайжан тилинде басмага берилди.

Ибраимовдун Айтматов тууралуу китеби Астанадагы «Айтматов. Последний писатель империи» деген басмасын кошкондо эки жыл ичинде төрт жолу басылды.

Профессор, филология илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов 17 китептин автору. Анын ичинде «Кыргыз адабиятынын 20-кылымдагы тарыхы» аттуу орусча жазылган эки томдуктун («История кыргызской литературы ХХ века», 2012-жыл), «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы» («История кыргызского государства», 2015) сыяктуу фундаменталдуу эмгектери бар. (RK)

XS
SM
MD
LG