Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Орусияга сырды мыйзамсыз ташыган кыргызстандык ишканалар аныкталды


Орусияда Кыргызстандан мыйзамсыз жол менен сыр ташыгандар аныкталды. Бул тууралуу Орусиянын “Россельхознадзор” мекемесинин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, Польшада жасалган сыр Кыргызстандын продукциясы катары Орусияга ташылып жүргөн. Мындай продукциянын алгачкы партиясы өткөн айда аныкталса, ушул айда да Орусияга мыйзамсыз ташылган сыр кармалган.

"Россельхознадзор” бул схема аркылуу Орусияга сыр ташыган ишканалар боюнча Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы менен чогуу иш алып барып жатканын маалымдаган. Ага ылайык, мындай схеманы колдонгон ишканалар Евразия Экономикалык Биримдигинин реестринен чыгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG