Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Навальныйдын фонду «чет өлкөлүк агент» деп табылды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Юстиция министрлиги Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөш фондун» «чет өлкөлүк агенттер» тизмесине киргизди.

Бул тууралуу кабар министрликтин сайтына чыкты. Мыйзамга ылайык, «чет өлкөлүк агент» деп чет жактан акча алган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар таанылат.

Навальный министрликтин билдирүүсүн четке кагып: «Орус бийлиги бул фонду коррупцияны ашкерелеген далилдерди казып чыккандыгы үчүн андан чоочуйт. Юстиция министрлиги ушул фонд чет өлкөдөн жок дегенде бир тыйын алганын далилдеген фактыны келтирсинчи», - деп «Твиттерге» жазды.

Августтун башында Тергөө комитети «бул фонд арам акчаны адалдайт» деп кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча 2016-2018-жылдар аралыгында уюмдун кызматкерлери орус рубли жана валюта түрүндө ири суммадагы акча алышкан. Ал акчаны бир нече банктагы эсептерге банкомат аркылуу салып, кийин фонддун эсебине которушкан. Фонддогулар болсо кептин төркүнү тарапташтар берген каражат тууралуу жүрүп жатканын айтышууда.

«Чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Былтыр ноябрдан тартып чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштады. Ал реестрде ушу тапта 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.

XS
SM
MD
LG