Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

Нобел сыйлыгын литий-ион аккумуляторун иштеп чыккан илимпоздор алды


Нобел сыйлыгынын химия боюнча жеңүүчүлөрү. 9-октябрь, 2019-жыл.
Нобел сыйлыгынын химия боюнча жеңүүчүлөрү. 9-октябрь, 2019-жыл.

Химия боюнча Нобел сыйлыгы литий-ион аккумуляторлорун (батареяларды) иштеп чыккан окумуштууларга – америкалык Жон Гуденафка, Стэнли Уиттингемге жана жапониялык Акира Йошиного берилди. Бул тууралуу шаршембиде Швециянын Падышалык академиясы жарыялады.

Нобел комитети белгилегендей, алардын ачылышы жеңил батареяларды жасоого жол ачты. Аларды азыр чөнтөк телефондор менен катар электромобилдерде колдонушат.

Дүйшөмбүдө медицина, кечээ физика боюнча быйылкы лауреаттар белгилүү болгон. Бейшембиде адабият боюнча былтыркы жана быйылкы жеңүүчүлөрдүн аттары аталмакчы. Жума күнү Нобел тынчтык сыйлыгы кимге ыйгарылары жарыяланат.

XS
SM
MD
LG