Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Жалал-Абадда соода түйүндөрү бар жер алдынан өтүүчү өтмөк курулду


Жалал-Абадда ишке берилген өтмөк.
Жалал-Абадда ишке берилген өтмөк.

Шаарда Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде соода түйүндөргө ылайыкташкан жер астынан өтүүчү өтмөк бүгүн, 9-октябрда пайдаланууга берилди. Анын ачылышында шаардын башчысы Мураталы Тагаев өтмөк автоунаа тыгындарын азайтарын айтты:

- Быйыл калаада чоң курулуштардын бири болуп ушул өтмөк эсептелет. Быйыл май айында курулуш башталган өтмөктү толугу менен бүтүрүп, элге кызмат кылууга тапшырып жатабыз. Мурунку өтмөктөн айырмасы - мында 24 соода түйүн курулуп, муниципалдык менчикке алынды. Жакында соода түйүндөрү ачык сынак аркылуу ижарага бериле баштайт.

Кийинки жылы өтмөктүн Нагима Айтматова көчөсү жагындагы бөлүгүндө ашыкча курулуштур бузулуп, сквер курулуп, бекер Интернет коюлат. Шаардагы экинчи жер алдынан өтүүчү 40 метрди түзгөн өтмөктүн курулушуна шаар казынасынан 21 млн. сомго чукул каражат каралган. Былтыр да шаарда 13 млн. сомго өтмөк курулган. (RsK)

XS
SM
MD
LG