Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Жарандык активист Токтонасыров мэриянын алдына акцияга чыкты


Активист Өндүрүш Токтонасыров.
Активист Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мэриянын Ленин райондук сотунун имаратына жакын жерде китеп саткан соодагердин ишине тыюу салган чечимине каршы Бишкектин мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыкты.

Ал окурмандар көп жылдан бери ал жерден китеп сатып алып көнүп калышканын, сатуучунун соода кылууга уруксат берген бардык документтери бар экенине карабай шаар бийлиги анын ишине тыюу салып койгонун айтууда.

- «Китеп окугула. Ала-Тоо аянтына келгиле» деп үгүт-насыят иштерин жүргүзүп атса, мэриянын китеп сатууга каршы чыкканы кандай? Тескерисинче сүйүнбөйбү! Ар бир жерде китеп сатылса жакшы, - деди Токтонасыров.

Токтонасыровдун маалыматына караганда, аны Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев кабыл алып, жакынкы күндөрү Ленин райондук сотунун имаратына жакын жерде китеп саткан соодагерге Ош базарынын аймагынан орун таап берүүгө убада берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG