Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Мурдагы премьер Сатыбалдиев сотко күбөлөр чакырылбаганына нааразы болду


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жаткан жараянда айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айрым күбөлөрдүн чакырылбаганына нааразы болду. Мурдагы премьер соттук процесске кытайлык ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү да чакырылып, көрсөтмө бериши керек экенин белгиледи.

Анын айтымында, мамлекеттик айыптоо айрым күбөлөрдүн көрсөтмө беришине кызыкчылыгы жок болуп жатат.

Буга чейин ЖЭБ иши боюнча келтирилген зыянды эсептеп чыккан эксперттерди сотко чакырууну айыпталуучулардын адвокаттары да өтүнүшкөн. Аны ишти карап жаткан судья Инара Гилязеддинова колдоп, адвокаттар өздөрү эксперттерди сотко алып келиши керек экенин билдирген.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG