Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Гонконгдогу демонстранттар полициянын күч колдонгонун айыпташты


Гонконгдо 2-октябрда өткөн акция.
Гонконгдо 2-октябрда өткөн акция.

Гонконгдо жүздөгөн демонстрант бир күн мурдагы акцияда ок тийген 18 жаштагы студент билим алган окуу жайынын алдына чогулду. Алар «Эркин Гонконг!» деп ураан чакырып, полициянын күч колдонгонун айыпташты жана ок атылган фактыны терең иликтөөнү талап кылышты.

1-октябрда Бээжинде Коммунисттик партиянын 70 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жаткан маалда, Кытайдын атайын макамдагы административдик аймагы – Гонконгдо демонстранттар кайрадан көчөлөргө агылышкан. Акция маалында 18 жаштагы Цаң Чи-Кинге ок тийип ооруканага түшкөн. Анын абалы азыр туруктуу экени Гонконгдун ооруканасынан алынган маалыматта айтылды.

Тартип коргоочулар биринчи жолу ок атуучу курал колдонушканын моюнга алышты. Полиция жетекчилиги алардын кызматкерлери коргонуу үчүн мыйзам чегинде ок атканын айтууда. Бийлик шейшембидеги кагылышуудан кийин 180 киши кармалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG