Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Мургабдагы күмүш кенин кытай компаниясы иштетмек болду


Тажикстандын парламенти.
Тажикстандын парламенти.

Тажикстандын парламенти Мургабдагы Ак-Жылга күмүш кенин жети жылга иштетүү укугун кытайлык инвесторлорго берүү тууралуу сунушту колдоду. Ага ылайык, «Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент» компаниясы 385 миллион сомонини же 39 миллион долларды кенди өздөштүрүүгө, уулуу калдыктар сакталуучу жай курууга жана башка иштерге жумшоого милдеттендирилет. Алгачкы үч жылда жумуш орундарынын 60 пайызына жергиликтүү тургундар алынышы керек. Кийин бул сан 80 пайызга жеткирилиши зарыл. Бул тууралуу Тажикстандын Инвестициялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Фаррух Хамрализода айтып берди.

Кытайлык компания жети жылга чейин салык төлөөдөн бошотулат. Айрым эксперттер Тажикстан бул келишимден пайда табарынан күмөн санашат жана алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдар өлкөдө калышы керек деп эсептешет.

Эсептөөлөргө ылайык, Ак-Жылга кенинде 205 тоннага жакын күмүш бар. Бул кен Памир тоолорунда 4500 метр бийиктикте жайгашкан.

XS
SM
MD
LG