Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сууга коё берүүгө даярданууда


Суу алдынан ракета учуруу мезгили. Түндүк Корея. Апрель, 2016-жыл.
Суу алдынан ракета учуруу мезгили. Түндүк Корея. Апрель, 2016-жыл.

Бул тууралуу Жапониянын NHK телеканалы өз булактарына таянып билдирди. Маалымат Түндүк Кореянын чыгышындагы Синпхо портунун спутниктен тартылган сүрөттөрүн иликтөө учурунда алынган.

Тасмаларда 13 түркүгү жана жүз метрге чамалуу чатыры бар имарат көрүнүп турат. Телеканалдын булактары бул имарат суу астында жүрүүчү кайыктарга ылайыкташтырылып, алардын бортундагы баллистикалык ракеталарды өнүктүрүү үчүн курулган болушу ыктымалдыгын айткан.

Пхеньян суу астында жүрүүчү жаңы кеме куруп жатканын Түштүк Кореялык маалымат каражаттары да жазып чыгышкан. Алардын маалымдашынча, субмарина баллистикалык ракета алып жүрүүгө ыңгайлашкан. Басылмалар белгилегендей, бул кеме Тынч океанга коё берилсе, АКШнын Гуама жана Гавайидеги аскер базаларына сокку ура алат.

Август айында америкалык маалымат каражаттары Түндүк Кореянын суу астында жүрүүчү кайыктары активдеше баштаганын жазышкан. АКШнын коргоо министрлиги бул кадамдар жаңы ракетаны сыноо аракетине байланыштуу болушу ыктымал деп билдирген.

XS
SM
MD
LG