Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

АКШнын коргоо министри Иранды айыптады


АКШнын коргоо министри Майк Эспер.
АКШнын коргоо министри Майк Эспер.

АКШнын коргоо министри Майк Эспер Сауд Арабиясындагы мунай кендерине коюлган чабуулду айыптап, Кошмо Штаттар өнөктөштөрү менен бирге «Иран өзү бузгусу келип жаткан эрежелерге негизделген дүйнөлүк тартипти коргойт» деп билдирди. Эспер мындай билдирүүнү 16-сентябрда «Твиттердеги» баракчасында калтырды. Ага чейин АКШнын тиешелүү органдары жандоочтон тартылган сүрөттөргө таянып, «мунай кендерине коюлган чабуулдардын артында Иран турат» деп жарыялаган. Расмий Тегеран бул чабуулга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

14-сентябрда Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган. Бул үчүн йемендик хусит козголоңчулар жоопкерчилик алган болчу.

Бирок АКШ чабуулдун масштабы хусит козголоңчуларынын колунан келди деген версиядан шек санаганын билдирген.

Мындай кырдаалдан улам Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнүн көлөмүн эки эсе азайтты.

XS
SM
MD
LG