Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кошулууга арыз тапшырды


Өзбек президенти Мирзиёев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде. Чолпон-Ата, 3-сентябрь, 2018-жыл.
Өзбек президенти Мирзиёев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде. Чолпон-Ата, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Расмий Ташкент Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө болууну каалаганы тууралуу арызын расмий тапшырды. «Өзбекстан Кеңешке кирүү тууралуу резолюция кабыл алды. Өзбек өкмөтүнүн расмий арызы уюмдун катчылыгына келип түштү», деди бейшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Кабыл алуу процесси жакын арада ишке ашат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылдын октябрында түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары киришкен. Өзбекстан уюмга кошулууга ниети бар экенин былтыр апрель айында билдирген. Президент Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери кошуна мамлекеттердин Өзбекстан менен болгон алакасын жакшыртууга маани берип келе жатат.

Өткөн жылы Кыргызстанда өткөн саммитте Венгрия да Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине байкоочу болуп кирген. 19-сентябрда Будапештте уюмдун европалык кеңсесин ачуу иш-чарасы пландалганы да айтылды.

XS
SM
MD
LG