Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Икрамжан Илмияновдун камактагы мөөнөтү 11-ноябрга чейин узарды


Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт.
Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт.

11-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин кароону улантты.

Айыпталуучунун адвокаты Илмияновдун бөгөт чарасын карап, аны камактан чыгарууну өтүндү. Сот болсо өтүнүчтү четке кагып, анын камактагы мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узартты.

Жакында эле парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова «Твиттердеги» баракчасында «Икрамжан Илмиянов атайын кызматтын тергөө абагынан түнкүсүн өзүнүн үйүнө коё берилип жатат» деген мааниде пикир калтырган. УКМК муну төгүндөгөн.

«Шоопур» деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов, 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, Жазык кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Икрамжан Илмияновдун соту 31-июлда башталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG