Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Казакстандын президенти Токаев Бээжинге барды


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-сентябрда эки күндүк расмий сапары менен Кытайга барды. Ал 11-сентябрда Кытайдын Тышкы иштер боюнча борбордук комитетинин директору Ян Цзечи менен жолукканы кабарланды.

Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Курмангали Токаев казак-кытай ишкерлер кеңешинин 6-жыйынына катышарын, Кытайдын лидери Си Цзиньпиң жана премьер-министр Ли Кэцян, ошондой эле саясий жана ишкер чөйрөдөгү бир катар адамдар менен жолугушарын билдирген.

Токаев бул сапарынын алдында Кытайдын борбордук CCTV телеканалына маек куруп, анда «Бээжин менен ар тараптуу жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо Нур-Султан үчүн өтө маанилүү» деп айткан.

Токаевдин бул сапарынын алдында Казакстанда Кытай менен биргелешкен долбоорлорго каршы чыккан нааразылык акциялары өткөн.

Соңку күндөрү Казакстанда Кытайга каршы маанай күчөдү. Буга Шиңжаңдагы казактардын куугунтукталып жаткан абалы тууралуу маалыматтар кошул-ташыл болду.

XS
SM
MD
LG