Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Бектен Сыдыгалиев депутаттык кызматына киришти


Бектен Сыдыгалиев парламентте ант берип жаткан учуру.
Бектен Сыдыгалиев парламентте ант берип жаткан учуру.

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Бектен Сыдыгалиев ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Ал депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаевдин ордуна келди.

Мусаев мандатын өткөрүп берүү боюнча 5-сентябрда арыз жазып, БШК аны бүгүнкү отурумунда карады. Ал ден соолугуна байланыштуу бир жарым жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жаткан.

Бектен Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Антикоррупциялык кызмат түзүлгөндө анын биринчи жетекчиси болгон. Кийин атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары да болуп иштеген.

«Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет. (ErN)

XS
SM
MD
LG