Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Футбол: Тажикстандын курама командасы Монголияны жеңди


Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл. Сүрөт: fft.tj
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл. Сүрөт: fft.tj

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өтүп жаткан мелдештерде, Тажикстан курама командасы эки оюнда 6 упай топтоп, F тайпасынын сап башына чыкты.

10-сентябрда, Улан-Батор шаарында өткөн кезектеги оюнда Тажикстан курама командасы Монголияны 1:0 эсебинде утуп алды. Беттештеги жалгыз голду тажик оюнчусу Давронжон Эргашов 81-мүнөттө киргизди.

F тайпасынын катарлаш беттешинде Мьянма жана Жапония курама командалары беттешип, 2:0 эсебинде Жапония жеңишке жетти. Оюндагы голдорду жапон футболчулары Сёя Накадзима (16-мүнөт) менен Такуми Минамино (26-мүнөттө) киргизди. Бул турда Кыргызстандын курама командасы ойногон жок.

Оюндардын жыйынтыгында F тайпасынын сап башына эки оюнда 6 упай топтогон Тажикстандын курама командасы чыкты. Экинчи орунду 3 упайы менен Жапония ээлеп турат. Үчүнчү орунда эки беттеште 3 упай алган Монголия турат. Кыргызстан менен Мьянманын курама командаларынын эсебинде бир да упай жок.

Ак шумкарлардын тандоо оюндарындагы алгачкы беттеши 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтүп, анда кыргыз футболчулары Тажикстандын курама командасына 1:0 эсеби менен жеңилген.

Кийинки турдун оюндары 10-октябрда өтөт. Мында Кыргызстан менен Мьянманын курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтөт.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен атаандаш команда катары ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын экинчи баскычы кийинки, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат.(GT)

XS
SM
MD
LG