Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Кыргызстан таза суу долбоору үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 30 миллион доллар насыя алат


Бактыгүл Жээнбаева менен Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам макулдашууга кол коюп жатат.
Бактыгүл Жээнбаева менен Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам макулдашууга кол коюп жатат.

Финансы министрлигинде Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда 30 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү насыялык макулдашууга кол коюу аземи болду. Документке кыргыз тараптан финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, Сауд өнүктүрүү фонду тараптан делегация башчысы Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам кол койду.

Аталган акча Баткен жана Талас облустарында 61 айылды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу долбооруна жумшалат. Насыялоо мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Долбоордун жалпы наркы 60 млн. долларга бааланууда. Дагы 20 миллион доллар Ислам өнүктүрүү банкынан насыяга алынат, 10 миллион долларды кыргыз өкмөтү чыгарат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн шайлоо өнөктүгүндө Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылууга убада берген. Ал муну өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө аткарарын бир нече жолу кайталаган жана акыркы жолу «Таза суу» форумунда ага 34 миллиард сом керектеле турганын да тактаган.

Кыргызстанда таза суу жетпей тургандыгы айтылып келген 653 айылды кошкондо жалпы 1800 айыл бар. Мунун ичинен 57 айылга 2019-жылы суу жеткирүү пландалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG