Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Атамбаевдин жактоочусу ИИМге каршы сотко арызданды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аракетине каршы арыз менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Ал "кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн иликтенип бүткөн материалдары менен таанышууга жетиштүү убакыт берилген жок" деген негиз менен арызданган.

Алмазбек Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев да ушундай эле жүйө менен кесиптешинин арызын толуктоо иретинде ушул эле райондук сотко кайрыларын билдирди:

- Ички иштер министрлиги иш менен 5-сентябрда тааныштырып туруп эле 6-сентябрда «Атамбаевдин адвокаттары иш менен таанышууну атайын создуктуруп жатышат. Ошондуктан график түзөбүз» деп чечим кабыл алып коюшту. Биз 5-6-сентябрь күнү иш менен тааныштык. Иш өзү 28 том болуп атса кантип анан создуктурабыз? Биз андагы ар бир көрсөтмөнү окуп чыгышыбыз керек да.

Жоошев өткөн аптада Батукаевдин ишине байланыштуу 28 томдон турган иштин материалдары менен таанышууга кыска гана убакыт берилип жатканын айткан.

Ал эми Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевге байланыштуу кылмыш ишинин сотко чейинки тергөөсү аяктаганын адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле маалымат берилгенин жарыялап, жактоочулар материалдар менен таанышууну создуктуруп жатканын билдирген. Ошондой эле иштин материалдары менен толук таанышуу үчүн 11-сентябрга чейин убакыт берилгенин кошумчалаган.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камалган. Башкы прокуратура Атамбаевге бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан ишти август айында тергеп бүткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG