Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Футбол: Тажикстан Кыргызстанды 1:0 эсебинде утту


Иллюстрация.
Иллюстрация.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстан курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде утулду. Беттештеги жалгыз голду тажик оюнчусу Алишер Жалилов киргизип, Тажикстандын курама командасына жеңиш алып келди.

Оюн бүгүн, 5-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өттү.

Бул жеңиш менен Тажикстан курама командасы F тайпасында алгачкы үч упайына ээ болду.

Бүгүн, 5-сентябрда Улан-Батордо өткөн беттеште Монголиянын курама командасы Мьянманы 1:0 эсебинде утуп, үч упай алды.

2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.

Тандап алуу оюндарына катышуу үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталган. Бул оюнга команданын капитаны Валерий Кичин жана Антон Землянухин катышкан жок. (GT)

XS
SM
MD
LG