Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Футбол: Кыргызстандын дарбазасына гол кирди


Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын күйөрманы.
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын күйөрманы.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтүп жаткан Тажикстан менен Кыргызстандын курама командаларынын беттешинде тажик оюнчусу Алишер Жалилов гол киргизип, Тажикстандын курама командасы алдыга чыкты. Оюн ушу тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат.

Тандап алуу оюндарына катышуу үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталган. Бул оюнга команданын капитаны Валерий Кичин жана Антон Землянухин катышкан жок.

Бишкектеги соода борборлорунун биринде кыргыз футбол күйөрмандары Кыргызстан менен Тажикстандын оюнун түз эфирде көрүп жатат.

Футбол күйөрмандары.
Футбол күйөрмандары.

2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.

Бүгүн F тайпасындагы алгачкы оюн өтүп, мында Монголиянын курама командасы Мьянманы 1:0 эсебинде жеңип, алгачкы үч упайга ээ болду. (GT)

XS
SM
MD
LG