Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Бишкектеги мушташ боюнча милиция кызматкерине кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте эки киши катуу сабалган мушташ боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташка катышып, эки кишини катуу сабагандарды окуя болгон жерден милиция алып кеткен. Алар аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, кайра коё берилген. Кийин аларга издөө жарыяланган.

Милиция кызматкерлеринин аракети «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергейт.

28-августта болгон мушташта эки киши жабыркап, бири комага түшүп калган. Бишкек милициясы мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.

Эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга да тарап, анда бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси катуу тепки жегенин көрүүгө болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG