Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Жалал-Абадда алгачкы кризистик борбор иштей баштады


Зордук-зомбулукка кабылган, жапа чеккен аялдарга, балдарга жардам көрсөткөн “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору Жалал-Абад шаарында ачылды.

Күндүзгү кризистик борбор жергиликтүү бийликтин демилгеси менен Түштүк Кореянын «Гуд нейбарс» уюмунун, «Жакшы кошуналар» коомдук бирикмесинин колдоосу менен түптөлдү. Калаадагы №7 мектептин бир бөлүгүндө ачылган борбордо психологдор жана юристтер кызмат көрсөтөт.

«Бул биринчи этапта ачылган күндүзгү кризистик борбор. Буйруса кийинки жылдын сентябрь айынан тарта жаштарды окуткан база түзүп, кеңейтүү планыбыз бар. Мындагы кызматкерлерге шаар казынасынан маяна каралган», – деди шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев.

Борбордун ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Мындай борборлор учурда Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда иштейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG