Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

ЖЭБ иши: сотко кошумча күбөлөр чакырылат


ЖЭБ ишине байланыштуу сот отурумдарынын бири.
ЖЭБ ишине байланыштуу сот отурумдарынын бири.

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу сотко кошумча күбөлөр чакырылат. 29-августта Свердлов райондук сотундагы отурумда айыпталуучулар Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин жана Айбек Калиевдин жактоочулары ушундай өтүнүч келтиришти.

Алар күбө катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы вице-премьер-министрлер Токон Мамытов, Жоомарт Оторбаев жана Олег Панкратов чакырылышын сурап жатышат.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, өтүнүч жарым-жартылай канааттандырылып, кийинки отурум 2-сентябрга белгиленди. Соттук териштирүүдө 90 күбөнүн 50дөн ашыгы суралып бүткөнү буга чейин айтылган.

2018-жылы кыш чилдеде ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупция аныкталып, мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тартканы айтылган. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Кийинки отурум 2-сентябрда болот.

Кармалгандардын арасында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баштаган жоон топ аткаминерлер бар. Айыпталуучу тараптар муну саясий куугунтук катары сыпаттап келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG