Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Кой-Таштагы окуя боюнча Акыйкатчыга арыз түштү


Кыргызстандын Акыйкатчы институту 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу камалгандардын шарты менен таанышуу үчүн тергөө абактарына барат. Анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бар. Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, учурда Кой-Таштагы окуялар боюнча бир арыз расмий келип түштү. Бирок ал арыз ээсинин аты-жөнү айтылбай турганын белгиледи.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын жүрүшүндөгү кагылышта УКМКнын бир кызматкери каза болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагына чыгарылды.

Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG