Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Арыс: Жарылуудан зыян тарткан үйдүн терезесинен эки жашар бала кулады


Нуржанат Акбалаева.
Нуржанат Акбалаева.

Казакстандын Арыс шаарында июнь айындагы жарылуудан терезелери талкаланган үйдүн экинчи кабатынан кулап түшкөн наристенин абалын дарыгерлер оор деп жатышат. Учурда эки жашар Нурбакыт Жолдасбек Шымкенттеги балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат.

Баланын апасы Нуржанат Акбалаева «Азаттыкка» кырсык ишемби күнү болгонун, уулу айнектери сынып, жаңысы салына турган терезеден кулап кеткенин айтып берди.

- Бир жума мурда жумушчулар талкаланган айнектерди чыгарып кетишкен. «Бул жакка кайта берсеңер болот» дегенинен көчүп келгенбиз, - деди баланын апасы.

Дарыгерлердин айтымында, бала эс-учун жоготкон эмес, бирок мээси чайкалган, абалы оор.

Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, үч киши мерт болгон. Казак бийлиги жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын кабарлаган.

Калаанын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан. Көпчүлүк тургундар башка жакка убактылуу көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG