Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Өзбекстан акча алмашуу курсун эркин коё берди


Өзбекстандын 100 000 сумдук банкноту.
Өзбекстандын 100 000 сумдук банкноту.

Өзбекстандын Улуттук банкы 20-августтан тартып улуттук акча - сумдун чет өлкөлүк валютага карата алмашуу курсун эркин коё бергенин жарыялады. Башкы банктын билдиргенине караганда, мындан ары «экономикалык зарылчылыктан улам акчанын алмашуу курсун сатуучулар менен сатып алуучулар аныктайт». Улуттук банктын чечиминен кийин сумдун арзандаганы байкалды. 20-августта бир доллар 9384 сум болуп, бир күн мурдагыга караганда 323 сумга арзандаган.

20-августтан тарта Өзбекстандын коммерциялык банктары да чет өлкөлүк валютаны сата башташты.

Өзбекстандын өкмөтү акча базарын катуу көзөмөлдөп, аны тышкы таасирден коргоп, акча алмашууну бир калыпта кармоо максатында курстун өзгөрүүсүнө кийлигишип келген.

Акча базарындагы акыркы өзгөрүү президент Шавкат Мирзиёевдин 30 миллион калкы бар Өзбекстандын экономикасына инвестиция тартуу аракетиндеги кезектеги кадам катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG