Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Ош милициясы кулчулукка сатылып жаткан кызды сактап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери кулчулукка сатылып жаткан жеринен 19 жаштагы кызды сактап калышты. Милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Жалал-Абад шаарында белгисиз бир аял жаш кызды сатыш үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат тастыкталып, Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Ч. М. аттуу аял М.Д. аттуу кызды 100 миӊ сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган.

- Биздин криминалдык милиция кызматкерлери сатуучу болуп, маалыматты текшерип көрүшкөн, - деди милиция өкүлү. - Кыз сатууну каалаган аял жаш кызды 100 миӊ сомго баалап, аны каалагандай пайдаланууга болорун, ата-энеси, сурап алар жакындары жок экенин айткан. Натыйжада кызды тез арада куткарып калуу операциясы иштелип чыгып, милиция кызматкерлери алармандын ролунда сатуучу аял менен байланышка чыгышкан. Акыры аял 100 миӊ сомдон баасын түшүрүп, нак акча болсо 50 миӊ сомго эле сата турган болгон.

Сыдыковдун маалыматына караганда, 14-август күнү алдын-ала даярдалган акчаны берүү учурунда, Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманкананын короосунда «сатарман» Ч.М. кармалып, жанынан тиешелүү суммадагы акча чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя «Киши сатуу» беренеси менен катталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмышка шектүү Ч.М.нын бөгөт чарасы 16-август күнү Ош шаардык соту тарабынан каралып, тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыкты.

Кулчулукка сатылып кете жаздаган 2000-жылы туулган М.Д. бошотулуп, учурда кыздын жакындары такталууда. Ал учурда убактылуу баш калкалоо жайында, психологиялык жардам алып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG