Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Ашхабаддын дүкөндөрүндө мектеп формасы карызга берилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ашхабад шаарындагы дүкөндөр кардарларга мектеп формасын жана окуу куралдарын бөлүп төлөө шарты менен алууну сунуш кылып жатышат. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.

Басылма белгилегендей, мектепке керектүү товарлар карызга бериле тургандыгы жөнүндөгү жарыялар көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерине илинүүдө. Дүкөндөр калктын төлөө мүмкүндүгү төмөндөп, кардарлары азайгандыктан улам ушундай кадамдарга барууда.

Маалыматка караганда, кардар товарды бөлүп төлөө шарты менен алыш үчүн учурда иштеп жатканын жана кирешеси бар экенин ырастаган документтерди көрсөтүшү керек болот.

«Бул документтерди көрсөткөндөн кийин алар тандаган товарын күрөөсүз эле алып кете алат. Жалгыз чектөө - алган товардын баасы анын бир айлык кирешесинен ашык болбошу керек», деп жазды басылма.

Түркмөнстанда былтыр бир баланын мектеп формасы менен окуу куралдарынын эң төмөнкү баасы 600 манатты түзгөн.

XS
SM
MD
LG