Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Кабулдагы жарылуудан кеминде 60тан ашык киши өлдү


Кабулдагы 7-августта болгон жарылуу.
Кабулдагы 7-августта болгон жарылуу.

Ооганстандын борбору Кабулда жанкечти жасаган жардыруудан кеминде 63 киши өлүп, 182 адам жарадар болду. Ооган бийлигинин расмий өкүлдөрү жардыруу 17-августта Кабулдагы үйлөнүү үлпөт залында болгонун билдиришти.

Ооганстандын ички иштер министринин өкүлү Насрат Рахими жарылуу залдын эркектер жайгашкан тарабында болгонун, жарадарлардын арасында жаш балдар менен аялдар бар экенин кабарлады.

Ал эми «Associated Press» агенттиги (AP) окуяга күбөлөрдүн бирине шилтеме берип, жанкечти өзүн той өтүп жаткан залда балдар чогулган жерде жардырганын жазды. Ошондой эле кырсык болгон учурда 1000ден ашык киши болгону айтылат.

Жарылуу шииттер көбүнчө өзүн коопсуз сезген Кабулдун райондорунун биринде жайгашкан «Дубай Сити» үлпөт залында болду. «Талибан» кыймылы бул кыянатчылыкка тиешеси жок экенин билдирди.

7-августта эле Кабулдагы полиция бөлүмүнүн жанында бомба коюлган машиненин жарылуусунан кеминде 18 киши курман болуп, дагы 150гө жакын адам жабыркаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG