Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Абдрахманов: Кой-Таш окуяларына катышкан КСДПнын мүчөлөрү партиядан чыгарылат


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Сагынбек Абдрахманов ал жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү (КСДП), Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, Карамат Орозованы, Мурадыл Мадеминовду жана Анвар Артыковду Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу КСДПнын катарынан чыгаруу демилгесин көтөрүп жатканын билдирди.

Анын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, мындай сунуштар Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жер-жерлердеги баштапкы уюмдун мүчөлөрүнөн келүүдө.

«Төңкөрүш кылабыз» деп киши өлтүрүүгө аракет кылып, Кой-Ташта аскерлерди барымтага алып жатышса анын арасында КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жүрөт. Биз «ушул туурабы же туура эмеспидеп баштапкы уюмдарда талкуу жүргүзүп жатабыз. Ошондон улам алардын мандатын чакыртып алуу сунушталды. Бирок мыйзамда депутаттарды артка чакыртып алуу жок болгондуктан, партиядан жана фракциядан чыгарылсын деп жатабыз», - деди Абдрахманов.

Парламент депутаты Ирина Карамушкина Абдрахманов жетектеген КСДПнын талаптарына жооп берип, алардын ишмердиги мыйзамсыз экенин билдирди.

«Биринчиден, биз «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын тааныбайбыз. Бул партия эмес. Алар жөн гана партиянын желегин алып алышкан жана буларда партиянын документи, мөөрү да жок. Юстиция министрлиги болсо аларды мыйзамсыз каттаган. Ал эми Кой-Таш оппозиция чогулган жер болгон. Мыйзам боюнча оппозиция чогулуп жыйын кыла алат. Кой-Ташта башаламандыкты эл уюштурган жок».

Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG