Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

«Урал авиалинияларынын» учкучтарына «Баатыр» наамы берилди


Учкуч Дамир Юсупов.
Учкуч Дамир Юсупов.

Орусиянын президенти Владимир Путин авариялык жагдайга кабылган учакты Подмосковьеде жүгөрү талаасына кондурууга аргасыз болгон «Урал авиалиниялары» компаниясынын учкучтарына «Орусиянын Баатыры» деген наам ыйгарды. Борт коштоочулар болсо «Кайраттуулук» ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады.

«Урал авиалиниялары» компаниясына таандык Москва-Симферополь каттамындагы «Airbus A321» үлгүсүндөгү учак 15-августта авариялык жагдайга кабылган. Анын ичинде экипаждын мүчөлөрүн кошо эсептегенде 234 адам болгон. Кырсыкта 23 адам жабыркаган, алардын арасында балдар да болгон.

Авиакомпания кырсыкты учактын кыймылдаткычына чымчыктар кирип кеткени менен байланыштырган жана анын айынан кыймылдаткычтардын биринде өрт чыкканын билдирген. Учак Москвадагы Жуков аэропортунан Орусия аннексиялап алган Крымды көздөй учуп бараткан.

Кырсыктаган учактын заводдон чыкканына 16 жыл болгон. «Урал авиалиялары» аны 2011-жылдан тартып пайдаланып жаткан. Орусиянын Тергөө комитети бул окуяга байланыштуу «учуу коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу чукул кырдаалда «укмуштуудай чебердик жана чыдамкайлык» көрсөткөнү үчүн учактын экипажына ыраазычылык билдирген.

XS
SM
MD
LG