Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Атамбаевдин сотуна жакындары кире албай жатат (видео)


Кадыр Атамбаев. 16-август, 2019
Кадыр Атамбаев. 16-август, 2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко адвокаттардан башка жакындары кире албай турат. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Учурда сот башталганы кабарланууда, бирок мекеменин басма сөз кызматы муну ырастаган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева, журналисттер жана тарапташтарынан эч ким киргизилген жок.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

13-августта ага Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген. Кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду. Аскер прокуратурасы 14-августта ага дагы кошумча төрт эпизод боюнча айып койгон. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG