Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Гибралтар соту Ирандын камакта турган танкеринин тагдырын чечет


Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Grace-1» танкери.
Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Grace-1» танкери.

Гибралтарда сот бүгүн, 15-августта Ирандын кара май ташыган кемесинин камоо мөөнөтүнө байланыштуу чечим чыгарат. Ага ылайык, өткөн айда Британия кармап алган танкер бошотулабы же дагы камакта калабы деген маселе чечилмекчи.

Ирандын «Grace-1» супертанкерин кармоо тууралуу токтомдун мөөнөтү 17-августта кечинде аяктайт. Кеменин кармалышы Тегеран менен Лондондун тирешин күчөткөн.

Гибралтарда бийлик 4-июлда 2,1 миллион баррел кара май ташып бараткан кемени британ деңиз аскерлеринин жардамы менен колго түшүргөн. Анда ал Иранды «Европа Биримдигинин санкциясын бузуп Сирияга мунай ташып бараткан» деген айыптаган.

Тегеран мындай дооматтарды четке каккан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормус кысыгында 19-июлда Британиянын желеги тагылган кемени жана экипаждын 23 мүчөсүн камакка алган.

XS
SM
MD
LG