Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

«Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасы ишке берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы жумуш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районундагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы ишкананын өндүрүштүк объектилерин көрүп чыгып, технологиялык процесс менен таанышты.

- Инвестор алтын кен ишканасынын курулушуна жана тиешелүү өндүрүштүк инфратүзүмдү даярдоого 220 млн. доллардан ашуун каражат салууда. Ишкананы зарыл көлөмдөгү кубаттуулук менен камсыз кылган өзүнүн электр чубалгылары тартылды. Мамлекет өз кезегинде мындай инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Бирок ошону менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык милдеттенмелерди аткаруу боюнча конкреттүү талаптарды коет, – деди Абылгазиев.

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда жайгашкан «Кичи-Чаарат» жабык акционердин коому 2008-жылы түзүлгөн. Куру-Тегерек жана Сулуу-Тегерек участокторунда чалгындоо иштери аяктагандан кийин алтын материалдарын чыгаруу башталган. Учурда фабрикада 529 адам иштейт, анын ичинде 419у жергиликтүү жашоочулар. Премьер-министр компаниянын кызматкерлери менен маектешип, ишканада жашоо жана иштөө шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулады. Алар айлык акыны көбөйтүү маселесин көтөрүштү. Учурда андагы эмгек акынын орточо өлчөмү 16-19 миң сомду түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG