Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Салянованын лицензияга байланыштуу соттук ишин кароо уланат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бүгүн 15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Салянованын жакындары кабарлашты.

Аталган ишти сот жаңы кодекстерге негиздеп кайра карамак. 24-июлда башталган отурум 1-августка жылып, ал күнү да каралбай калган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова өзүнө «саясий буюртма» менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 3-июлда камакка алынып, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG