Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Аскер прокуратурасы «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова «Азаттыкка» ырастады.

Анын маалыматына караганда, Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен ачылган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Иш Аскер прокуратурасына 13-августта келип түшкөн.

Айрым массалык маалымат каражаттары «Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына жашыруун маалымат берип турган» деп айыпталып жатканын жазышууда.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Асанов ошол эле күнү билдирүү таратып, «мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес» деп айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG