Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Жээнбеков ИИМге үчүнчү жолу суракка чакырылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына үчүнчү жолу суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирди.

Жээнбеков 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча күбө катары сурак берип жатат. Саясатчы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча биринчи операция учурунда барымтада калган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн алты жоокерин бошотуу боюнча күч түзүмдөрү менен сүйлөшүүдө ортомчу топтун арасында болгон.

7-августта «Альфанын» алты жоокери барымтада калып, бир нече кызматкери токмоктолгон.

8-августта Атамбаевди кармоо боюнча Ички иштер министрлиги экинчи операцияны жүргүзүп, жыйынтыгында мурдагы президент колго түшүп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаев өзүнө козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз экенин айтып, тергөө документтерине кол коюудан баш тартканын жарыялаган.

13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор берене боюнча кылмыш иштери козголгонун жарыялады. (BTo)

XS
SM
MD
LG