Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Кадырбек Атамбаев: Бийлик диктатурасына каршы чыгышыбыз керек


Кадырбек Атамбаев. Видео кайрылуусунан алынган кадр.
Кадырбек Атамбаев. Видео кайрылуусунан алынган кадр.

Тергөө камагына алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев «Фейсбукта» видео кайрылуу таратып, азыркы бийликке мыйзамдын чегинде каршы турууга үндөдү.

Ал 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларды «оппозициялык күчтөрдү жок кылуунун туу чокусу» деп баалап, Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин камакка алынышын «бийликке каршы турган акыркы чептин урашы» катары сүрөттөдү.

«Бирок бул биздин ар бирибизге келип, байлап кеткиче күтүп турушубуз керек, колубузду куушуруп олтурушубуз керек дегенди түшүндүрбөйт. Бул Кыргызстандагы бардык оппозициялык топтор биригиши керек экендигин билдирет. Бардык оппозициялык күчтөр биздин өлкөнүн келечеги бутада турганын аңдашы керек. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо биз – оппозициялык күчтөр утулбашыбыз керек. Биз бүгүн болуп жаткан диктатуранын өзөгүнө каршы туруп, легалдуу түрдө аларга атаандаш болушубуз керек», деди ал.

Кадырбек Атамбаев мындан сырткары буга чейин массалык маалымат каражаттарына чыккан маегиндеги сөзүн кайталап, атасы бийлик тарабынан жасалган чагымдын курмандыгы болуп калганын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

13-августта Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор берене боюнча кылмыш иштери козголду.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери курман болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG