Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Жыл башынан бери ички дүң өнүм 6,9 пайыз болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын ички дүң өнүмү 284 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

«Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда быйылкы жети айдагы эсеп 251 млрд. сом болуп, 3 пайызга өстү.

Өкмөт буга чейин 2019-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган учурда өлкөнүн ички дүң өнүмү 232 млрд. сомду түзүп, 6,4 пайызга өскөнүн, «Кумтөр» ишканасын кошпогондо өсүш 2,1 пайыз болгонун билдирген.

2018-жылы жалпы өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) 557 млрд. сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 3,5 пайыз өсүү катталган. Мунун 48 миллиарды Кумтөргө туура келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG