Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Курсан Асанов: Мага байланыштуу маселе кийин ачылат


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кызматтан алынышы жана коюлуп жаткан кине жөнүндө расмий билдирүү таратып, жеке кызыкчылыкты көздөбөгөнүн жарыялады.

Ал 7-8-августта Кой-Таштагы жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу өлкөдө оор кырдаал түзүлгөнүн, министрликтин өздүк курамынын колдоосу менен жагдай чечилгенин белгиледи.

«Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылыш үчүн күчүмдү жана өмүрүмдү аяган эмесмин. Мага байланыштуу маселе кийин ачылат деп эсептейм. Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын», дейт ал өз билдирүүсүндө.

Генерал-майор өзүн кесиптештерине, ушул күндөрү мамлекетте тартипти камсыз кылган милициянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, элдин колдоосуна алкыш айтты.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулган.

Расмий кабарда ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда «милициянын кызыкчылыгын сатканы, пиар менен алектенгени» белгиленген. Асанов өзү «Азаттыка» комментарий берген учурда «колунан келгенин кылганын, ага коюлган айыптар менен таанышпаганын» билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG