Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Дмитрий Ложников беш саат сурак берип чыкты


Дмитрий Ложников УКМКга кирип бараткан учуру. 13-август, 2019-жыл.
Дмитрий Ложников УКМКга кирип бараткан учуру. 13-август, 2019-жыл.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Ички иштер министрлигинде беш сааттан ашыгыраак убакыт сурак берип чыкты.

Ал 13-августка караган түнү 23:00 чамасында чыкканын телеканалдын сайты жазып, өзүнүн кыскача видео интервьюсун да жарыялады.

«Сурак - маектешүү деп атайлы - УКМКда, анан ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү. Андан кийин ИИМдин Криминалдык милиция кызматында уланды. Мен көргөн-билгендерим тууралуу айтып бердим, көрсөтмө бердим жана түшүндүрдүм», деди ал.

Дмитрий Ложников УКМКга маектешүүгө чакырылганын телеканалдын сайты билдирип, анын атайын кызматтын имаратына кирип бараткан видеосун жарыялаган. Тасмада Ложников ага чакыруу кагазы келбегенин, УКМКнын кызматкери ага телефон чалып көргөн-билгенин айтып берүүнү сунуш кылганын айткан.

9-августтун кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым белгилүү инсандар сөз эркиндигине басым катары баалашууда.

«Апрель» телеканалы коррупцияга шектүү катары камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. (ErN)

XS
SM
MD
LG