Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Журналисттерди коргоо комитети Тегеранды Жафарини бошотууга чакырды


Нусин Жафари.
Нусин Жафари.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Ирандын бийлигин фотожурналист жана маданий кабарчы Нусин Жафарини бошотууга чакырды. Кабарчы мындан он күн мурун камакка алынган жана ага кандай айып коюлганы айтылган эмес.

Аталган комитеттин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Шериф Мансур тараткан билдирүүдө: «Журналисттин эч кандай себеби жок белгисиз жайда камалып турганы жана үй-бүлөсүнө эч кандай кабар берилбегени Иран үчүн өтө наадандык» деп айтылат.

Жафари 3-августта үйүнүн жанынан кармалган. Полиция кабарчынын үйүн тинтип, телефон, компьютер өңдүү буюм-тайымдарын алып кеткен.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин билдирүүсү боюнча, социалдык тармактарда Ирандын бийлигин колдогон аккаунттар Жафарини жаманатты кылып, ал «Твиттердеги» баракчасы аркылуу «мамлекетке каршы» билдирүү жасап жүргөнү тууралуу жаза башташты. Бирок кабарчынын жакындары мындай дооматты четке кагып жатышат.

Нусин Жафари 2009-жылы «Etemad» гезитинде иштеп турган маалда да камакка алынган.

Иранда өткөн жылдын аягынан бери сегиз журналист камакка алынган. Бул өлкө сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 мамлекеттин ичинен 170-орунда турат.

XS
SM
MD
LG