Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

10-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Төө-Ашуу.
Төө-Ашуу.

10-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 33…35°.

Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26°.

XS
SM
MD
LG