Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Жээнбеков менен Мирзиёев телефондон сүйлөштү


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен 8-августта телефондон сүйлөштү.

Кыргыз президентинин сайтындагы кабарда алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну талкуулашканы, ​Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк, тынчтык жана туруктуулук каалаганы жазылды.

Сүйлөшүү кимдин демилгеси менен болгону айтылган жок.

Бүгүн, 8-августта Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен да телефондон сүйлөшкөн. Анда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланып, казак президенти «боордош кыргыз элине тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү» каалаган.

Сооронбай Жээнбековдун кошуна мамлекеттердин башчылары менен сүйлөшүүсү Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп, ал колго түшкөн учурда болду.

Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинен улам келип чыккан окуяларга байланыштуу комментарий берип, аны «Кыргызстандын ички иши» деп атаган. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз катчысы Берик Курмангали «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Бүгүн, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG